Адам укуктары боюнча даректүү кинотасмалардын Эларалык Фестивалынын (ЭФ) Дирекциясы куйөрмандарын, өнөктөштөрүн жана катышуучуларын урматтап, «Бир дуйнө Кыргызстан» Бешинчи Эларалык Фестивалынын Тандоо Комиссиясы өз ишин баштады. Кинотасмаларды тандап алуу комиссиясына тапшыруунун мөөнөтү- 2011-ж. 10- июнунда аяктайт.
Фестивалдын негизги темалары: • Балдардын укуктары • Аялдардын укуктары • Коррупция • Жарандардын өз укуктарын билүү укугу • Экологиялык коопсуздук • Кыргызстандын 2010-ж. окуяларын иликтөө аракети
Фестивалдын программасы бир канча бөлүктөн турат:
• Эларалык конкурс - конкурска 2010-2011-ж.ж. тартылган укуктук форматтагы баардык кинотасмалар кабыл алынат. Эларалык конкурска, конкурсту өткөргөн мамлекеттен (Кыргызстандан) бир гана тасма катыша алат. Натыйжада, эларалык конкурска ар кайсы мамлекеттен келген 10 кинотасма катышат. • Улуттук конкурс - конкурска 2010-2011ж.ж. тартылган укуктук форматтагы кыргыз даректүү кинотасмалар кабыл алынат. Натыйжада, улуттук конкурска 10 кинотасма катышат. • Конкурстан тышкары программа - ар-кайсы себептер боюнча негизги конкурстук программага катышпай калган, бирок көрүүчүлөр үчүн кандайдыр бир кызыкчылык жараткан кинотасмалардан түзүлөт. • Кыргызстандын жана Таджикистандын региондору үчүн конкурстан тышкары программа (1-30 октябрь) – конкурстук программалардын жеңүүчү кинотасмаларынан түзүлөт.
Катышуучулар төмөнкү документтерин жана материалдарын тапшыруулары зарыл:
1. Кинотасма тартылган DVD 2. Тасманын паспорту (чыгаруучулардын аты-жөну, хронометражы, тасманын техникалык ченемдери, аннотациясы, тартылган жылы, студиясы) 3. Кинотасмадан кадрлар 4. Режиссёрдун резюмеси
Байланыш маалыматтары: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720017, Московская көч., 158 /11 Тел.: 996 (312)318645, факс: 996 (312) 314623 Е-майл: office@birduino.kg, http://2011.birduino.kg/ru/ |