«Бир дүйнө... баарыбызга бир дүйнө» В. Гавел

Фестивалдын негизги программасы «Манас» кинотеатрында өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик кинематография агенттиги «Бир Дүйнө Кыргызстан» V- Эларалык Кинофестивалынын уюштуруу комитетинин катына расмий жообу.







Урматтуу Толекан Асаналиевна!



Сиздердин №366, 27 июль 2011-жылы жазган катыныздарды агенттик карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Адам Укуктары боюнча даректүү тасма фестивалынын Кыргызстанда өткөрүлүүсү-бул кинематография жаатында абдан маанилүү окуя деп эсептейбиз. Мамлекеттик Агенттик бул иш чаранын негизги бөлүгүн өткөрүүгө өз колдоосун көрсөтөт.


Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрдан 2-октябрга чейин фестивалдын негизги программасы «Манас» кинотеатрында өткөрүлөт. Ал эми айрым программалар үчүн агенттик тарабынан Ч Айтматов атындагы Кино Үйүнүн кинозалы жана Т.Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын эталон залы берилмекчи.


Фестивалдын алкагында тартууланган тасмаларды Республикабыздын аймактарында көрсөтүү үчүн кинотеатрлар менен камсыз кылынат.
Ошондой эле, Кыргызстандын кинематографисттер бирдиги, чет-өлкөлүк кинематографисттер, фестивалдын коноктору жана катышуучулары менен Кино Үйүндө жолугушууну пландаштырууда.






Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясы кинофестивалдын айрым иш-чараларын өктөзүүгө зал менен камсыз кылат.




Урматтоом менен, Директор Ш.Джапаров

 
Сайт Евросоюздун каржылык колдосу менен даярдалган