УЛУТТУК КОНКУРС

1.
«Өтүкчү», , реж. Нурлан Разакулов, продюсер Улан Исакбеков, «Кинематография өнүктүрүү фонду», 2011, 26 мин.
Синопсис. Өтүкчү Куртка айылынын жашоочуларын жана тегеректеги аймактардын жашоочуларын көз ирмемде камсыздандырат. Ал эми, Бакыт Мамбетакунов өзү – абдан жакшы адам, ал жердештеринин жеке маселелерин дагы бөлүшө алат жана айылдыктар үчүн алмашылгыс адис.
2.
«Отко чуркаган бала», реж. Бакыт Турдубаев, продюсерлер Фархад Бекманбетов, Садык Шер-Нияз, «Айтыш-фильм» кино фонду тарабынан даярдалган, 2011, 19 минут
Синопсис. Тасмада эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндалат.

3.
«Меккеге карай жол», реж. Асель Жураева, «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан тартылган, 2010, 20 мин.
Синопсис. Тасма КРнын Ош областынын анча чоң эмес айылынын тургуну 70 жаштагы Сулайман Турдубаев тууралуу. Ал көп жылдар бою Ажыга баруу тилеги менен жашап, акча жыйнап жүргөн. Мына ошентип алыскы сапарга чыгуу үчүн тыйын жыйнагандан соң, капыстан анын оюна өз айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштан каза болгон баатырларга арналып коюлуп, урап жаткан эстеликти оңдоо тилеги келет. Мына ошентип буга анын чогулткан баардык каражаты жумшалат.

4.
«Свет», реж./продюсер Жакен Чотой, Алтай Синема Груп» өндүрүшү, 2011, 22 мин. -2011 «Шакен Жылдыздары» Эл аралык конкурсунун катышуучусу.
Синопсис. Кичинекей тоолуу айылдын өзүнө тиешелүү жашоосу, өз маселелери бар, булардын кайсынысы маанилүү – көрүүчүлөр өздөрү чечип алышат. Бул даректүү тасма биздин курчап турган жарыкчылык, биздеги жана биздин ичибиздеги жарык тууралуу.

5.
«Кайыкчы», реж. М. Абдыкалыков, продюсер Улан Исакбеков, КФ «Кинематография өнүктүрүү фонду», 2011, 23 мин.
Синопсис. Нарын дарыясында жасалган жасалма көл аркылуу элдерди бир жээктен экинчи жээкке өткөрүп жатып, кайыкчы Жаныбек Кыргызстандын баардык аймагындагы цивилизациядан четтеп калган элдерди байланыштырат.

6.
«Куру кыял», реж. Нишана Жееналиева, Актан Рыскельдиев, продюсер Темир Бирназаров и Эмиль Сатпашев, «Тазар» өндүрүшү, 2010, 20 минут
Синопсис. Бул тасманын авторлору кумар оюндарынан көз каранды болуунун себептерин ачып бергиси келген. Казино, оюн автоматтары, карта – жеңил ойлуу жашоонун атрибуттары. Акча табуунун бул түрүн кимдир бирөө жеңил акча табуунун түрү катары жаман көрсө, а экинчи бирөөлөргө бул жомоктогудай киреше алып келет. Оюндан акча табуунун бул түрүн социалдык көз караштан алып карап көрсөк, анда моюнга алышыбыз керек: кумар оюндары адамзаттык трагедиялардын себепчиси болгон.

7.
«Жаштардын маселелери», реж. Алмазбек Зарылбек уулу, Абдулаим Мамадалиев, продюсер Чинара Айтбаева, «Наш ВЕК» ООМД өндүрүшү, Б.Бейшеналиева атындагы КМИИ «Манас» Республикалык Жаштар ордосу, 2011, 23 мин.
Синопсис. Учурда активдүү жаштардын басымдуу бөлүгүнүн маселелери көп экени жашыруун эмес: жумушка орношуу баардык жерде кыйын, баардыгында жеке жана өндүрүш тажрыйбалары талап кылынат. Тасманын авторлору: «Бүгүнкү күндө жаштар кандай жолду тандап алышы керек?»,- деген суроо беришкен.

8.
«Жакшылыктын алкагында», реж. Алмаз Кабаев, продюсер Улан Исакбеков, КФ «Кинематография өнүктүрүү фонду», 2010, 13 минут
Синопсис. №43 Профессионалдык лицейи. Кыргызстан боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Аларды көчөдө калган балдар катары кабыл алуу алар үчүн жагымсыз көрүнүш. Мугалимдер жана тарбиячылар алар келечекте белгилүү бир профессия алып чыгуулары үчүн кам көрүшөт. Ал эми, балдар эмне жөнүндө кыялданышат?! «Сүрөтчүнүн кесиби көчө балдары үчүн жаңы мүмкүнчүлүк катары» долбоорунда балдардын кыялдары жана каалоолору чагылдырылат.

9.
«Кыйноолор», реж. Елизавета Стишова жана Бакыт Турдубаев, продюсерлер Фархад Бекманбетов, Садык Шер-Нияз, «Айтыш-фильм» өндүрүшү, 2011, 16 минут
Синопсис. Сот териштирүүлөрү аркылуу чындыкты табууга аракет кылган эки адамдын тарыхы. Жүздөн ашуун соттук угуулар болуп өткөнүнө карабастан, алардын иши логикалык жактан бир жыйынтыкка ээ болбой келет. Ушул мезгил аралыгында алардын бири кыйноолордон улам көз жумат.

10.
«Ош коогалаңы», реж. Ника Жолдошева, продюсер Чинара Айтбаева, «Наш ВЕК» ООМД өндүрүшү, Б.Бейшеналиева атындагы КМИИ «Манас» Республикалык Жаштар ордосу, 2010, 12 минут
Синопсис. Бул тасма 2010-жылдагы Ош окуясын анализдөө аракетинде тартылган. Бул – окуяга кайдыгер эмес студенттин ой-жүгүртүүсү. Шаардын талкалануусу, адам өмүрлөрүнүн кыйылышы коштогон Ош коогалаңы торнадого же цунамиге окшош. Тилекке каршы, бир айырмасы, 2010-жылдын окуясын адамдар өздөрү «жасашты»..

11.
«Ош. Жарым жылдан кийин», реж. Дарья Сытенкова, продюсер Вячеслав Гончаров, «Доор» Медиа коомдук фонду, 2011, 20 минут
Синопсис. «Ош. Жарым жылдан кийин» тасмасынын автору Дарья Сытенкова Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн карама-каршылыкты дароо окуядан кийинки абалды жана бир нече мезгилдерден кийинки абалды салыштырат. Бул үчүн автор июнь окуясы учурунда жабыр тарткан каармандар менен жолугуп, алардын окуядан кийинки тагдырлары кандай болгондугунан кабар берет. Бул окуядан соң бүтүндөй бизнесин жоготкон кыргыз бизнесмени жана да, сентябрда жумушка келиши үчүн «бүт дүйнө» кийим чогултуп беришкен өзбек мугалими. Бул жана да баардык кошуналарды чогултуп, өз айылдарына чоочундарды кийирбеген эки улуттан чыккан чоң энелер.

12.
«Таманында бейиш», реж. Чинара Токонова, продюсер Вячеслав Гончаров, «Доор Медиа» коомдук фонду өндүрүшү, 2011, 20 минут
Синопсис. Тасма июнь окуяларынан соң конфликттен жай турмушка бет алган жашоо сүртүмдөрүнө кайрылган. Түштүк окуяларынын күбөсү болгон айымдардын турмушун “Доормедиа” коомдук фондусунун чыгармачыл жамааты көрсөтүүнү чечкен. Тасмадагы ар бир аял өзүнүн жашоосу аркылуу тынчтыкка үн салып, энелик жүрөк менен ар бир баласына кам көргөндөй эле өлкөсүн кайгылуу капааттан сактап калууга умтулат. Мисалы, Ош шаарында жайгашкан “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнүн жетекчиси Тамара Токтометова бир үйдө түрдүү улуттаргы он сегиз баланын түйшүгүн алган. Тополоң учурунда үйү өрттөлүп, бизнесинен айрылган Огулай Мирбобаева эртеңкиден үмүтүн үзбөй, жаркын келечек үчүн кечиримдүү болууга умтулат. Мындан башка каармандардын эне катары тилегендери-тынчтык. 20 минуталык тасма Ош жана Жалал-Абад областтарында тартылган.

13.
«Сакта жана куткар», реж. Флора Газиева, продюсер Айбек Джангазиев, "Кыргызтелефильм", 2011, 29 мин.
Синопсис. Аялдардын колдору буудайдын данын теңдештирет. Анан ушул эле колдор данды майдалашат. Эркектердин күчтүү колдору идишти данга толтурушат. Сүмөлөк кайнатуу башталат. Биз мектеп сабагындабыз, бул жерде мугалимдин жардамы менен окуучулар Ош жергесинде болуп өткөн 2010-жылдагы июнь коогалаңында кабылган психологиялык кризистен чыгуунун жолдорун издеп жатышат.
ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРС

1.
«Базар», реж. Рама Рау, Канада, 2010, 70 мин.
Синопсис. Адам бөйрөгүн сатуунун фактылары мыйзамсыз болгонуна карабастан, алар абдан көп кездештирилет. Режиссер тасмада эки аялга көнүл бурган: алар - Индиялык Хема жана Канадалык Сандра. Хема бөйрөгүн сиңдиси аркылуу сатууга аракеттенет, Сандра болсо, кызы жана энесинин жардамы менен интернет аркылуу ылайыктуу донорду табууну көздөйт. Хема операциядан мурда текшерүүдөн өтөт. Бул аралыкта Сандра Индиянын кедей аймагында жашаган адамдардын үйлөрүн көрөт.

2.
«Жашыл толкун», реж. Али Самади Ахади, Германия/Иран, 2010, 80 мин.
Синопсис. Өткөн жылы Иранда өткөн президенттик шайлоолору калкты летаргиялык уйкудан ойготту. Көп жылдан бери жаш муун өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн биринчи жолу сезди. Мир-Хосейн Мусавинин реформаларын колдоо үчүн миңдеген кишилер көчөгө чыгышты. Бирок шайлоо учурунда кетирилген катаачылыктардан кийин консервативдүү президент Махмуд Ахмадинежад кайра шайланган соң алардын үмүттөрү акталбады. Ал окуядан кийин келген каршы чыгуу толкуну, башкаруу тарабынан чечкиндүү түрдө токтотулду.

3.
«Воры в законе», реж. Александр Гентелев, Израиль/Германия, 2010, 91 мин.
Синопсис. Алар жашоону мектепте эмес түрмөдө тааныган. Ошол эле жерде алар болочок досторун табышкан. Татуировка алар үчүн кооздук эмес, башкаруу органдарына болгон жек көрүүсүнүн жана түрмөдө кайсыл каста жана иерархиядан экендигинин белгиси. Алар эч качан иштешкен эмес, бирок ошол эле учурда алар миллионер. Мурдагы орус Интерпол агентинин айтуусуна караганда, бул адамдар өлкөсүңдөгү экономикалык жана саясий чечимдерге өз таасирин тийгизип келет, анткени, алар жанында сакчылардан сырткары «өз» саясатчыларына да ээ болушу керектигин жакшы билишет.

4.
«Төрт тасмада Конгонун жашоосу», реж. Диеудо Хамади, Конго/Түштүк Африка, 2010, 69 мин.
Синопсис. Конго Демократиялык Республикасы чоңдугу боюнча Африканын 4-мамлекети. Өлкөдө кең байлыктардын көп болгонуна карабастан, анын жашоочулары өтө кедей жашашат. Бул даректүү тасмалардын квартети африкалык мамлекеттин татаал турмушун чагылдырат.

5.
«Сатылып кеткен балдарын окуялары», реж. Йэбекайл Тамрад, Эфиопия, 2010, 28
Синопсис. Эфиопиядагы кулдук расмий түрдө 1930-ж. жоюлган. Ага карабастан, Эфиопиянын калкы кулдуктун түрлөрү менен азыркы күнгө чейин күрөшүп келишет. Көптөгөн учурларда, кулдук- жакырчылыктан качып, ири шаарларга көчүүнүн жана арзан эмгек талабынын натыйжасында келип чыгат. Бул эки фактор менен кул сатуучулар пайдаланышып, көбүнчө балдар жана аялдарды кул катары сатышат.

6.
«Ооганстандын бийлеген балдары», реж. Джеми Доран, Улуу Британия, 2010, 52 мин.
Синопсис. Бача Бази, кыргызча «жигиттердин оюну», илгерки ооган салты. Бул адат боюнча, жаш балдар аялдын кийимин кийип алышып чоң кишилердин ырахаты үчүн бийлешет. Бул салт негизинен өлкөнүн түндүгүндө кеңири жайылган жана кээ бир аскер кызматкерлери жана ишкерлер балдарды сыйлык катары сатып ала баштагандыктан акыркы жылдары бир кыйла өнүккөн. Өз мамлекетинен куугунтукталган журналист Наджибулла Кураиши, Джеми Доран аттуу режиссёр менен бирге бул мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө иликтөөчү тасма тартуу үчүн өз мамлекетине кайтып келген.

7.
«Туз», реж. Марат Сарулу, «Айтыш-фильм» өндүрүшү, продюсерлер Садык Шер-Нияз, Таалайбек Бапанова жана Фархад Бекманбетов, «Айтыш-фильм» өндүрүшү, 2010, 44 минут
Синопсис. Бул тасмада эки башкы каарман бар: биринчиси - бул кары моряк, экинчиси - Көл. Аба ырайы кандай болбосун, кун тийип жатабы же асман бүркөлүп жатабы - кары моряк унутта калган жээкке келет. Анын жашоосу эн жөнөкөй жана кары курактагы бойдокчулукка окшош.

8.
«Катька», реж. Елена Трештикова, Чехия, 2010, 90 мин.
Синопсис. Бул жүрөк оорутар окуя 1996-ж. Sananim клиникасында Катьканын банги зат колдонуу дартынан кутулууга багытталган 14 жылга созулган күрөшүүсүнөн башталат. Ал жерде ал өзүнүн курдаштарындай жигит табууну, өз жашоосун түзүп алууну эңсеген. Бирок андан кийинки жылдар жалаң гана жагымсыз иштердин, баңги зат колдонуунун, уурулуктун, сойкулуктун жана дененин, акылдын жана адеп-ахлактын бузулуусунун ичинде өтөт. Бир топ убактан кийин, Трештикова өзүнүн баш каарманына кайрылган соң анын дагы эле баңги зат колдонуп жаткандыгын, ит багып алганын, сүйлөшкөн жигити бар экендигин жана кош бойлуу экендигин көрөт.

9.
«Плакаттагы кыз», реж. Сара Нессон, США, 2010, 38 мин.
Синопсис. Рубин Мюррей жана анын достору Аманда менен Лилли «Америкалык Армия» журналына чыкканда, Робин 19 жашта эле. Бул аркылуу АКШнын өкмөтү башка аялдардын Ирактагы согушка баруусуна чакырык жасаган. Азыркы күндө Робин Ирак жана Ооганстан согушуна катышкан башка ветерандардын катарында стресстик дартка чалдыгып келет. Коркунучтуу тажрыйбасын улам эстеген Робин түнү менен уйкусуздуктан жана терең өкүнүчтөн кыйналат. Эми ал согушка каршы демонстрацияларга катышып келет. Башка ветерандар менен бирге ал аскер униформаларын жана аскердик жарнама материалдарын искусствого айлантат. Ошол эле убакта майыптык үчүн пенсия алууга документтерин тапшырган. Азыркы күнгө чейин ал өзүн өзү өлтүрүүнү көп ойлойт, депрессия болуп уктай албайт. Бул тасма 2010-ж. «Мыкты кыска метраждуу тасма» категориясында «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.

10.
«Мени 50 койдун акысына баалашты», реж. Нима Сарвестани, Швеция, 2010, 52 мин.
Синопсис. Көптөгөн ооган эркектери радикалдык исламды туткандыктан жубайларды сатып алуу салтын сыйлап келишет. Оздөрүнөн бир муун жаш жубайларды тандашат жана аларга начар мамиле жасашат. Бул окуя ушул салтка байланыштуу 16-жаштагы Сабира аттуу жаш кыздын тагдыры жөнүндө баяндайт. Анын атасы Сабира 7 жашка толгондо эле дүйнөдөн кайткан соң, кызды туугандары багып алган. Кыз он жашка толгондо, тууганы Сабираны өзүнөн 40 жаш улуу адамга сатып жиберген. «Мен көп жолу өзүмдү өзүм өлтүргум келген»,-деп Сабира үй-бүлөлүк турмушу жөнүндө көз жашы менен айтат.

11.
«Үй-бүлөнүн абийири үчүн», реж. Шелли Сэйвелл, Канада, 2010, 60 мин.
Синопсис. БУУ отчётунун маалыматтарына караганда, жыл сайын дүйнөдө намыс үчүн 5000ге жакын аял өлтүрүлөт. Бул тасманын режиссёру Шелли Сейвелл, Торонтодогу Пакистандык иммигрант жөнүндө баяндайт. Ал өзүнүн Акса деген 16-жашар кызын өлтүрүп салган. Андан бир нече жумадан кийин, Американын Даллас шаары Египеттик бир үй-бүлөнүн атасы бойго жете элек Амина жана Сара аттуу эки кызын өлтүргөндүгү жөнүндөгү кабарды терең кайгы, коркунуч менен кабыл алган. Эки-үч айдан кийин, Афгандык ата-эненин Фаузия аттуу 19-жашар кызы өз агасынын өлтүрүү аракетинен кутулуп, аман калат. Бул тасма курмандыктардын дос жана тааныштары менен түз сүйлөшүү аркылуу тартылып, үй-бүлөлүк кылмыштардын себептерин изилдеген.

12.
«Күлгүн түстөгү сарилер», реж. Ким Лонгинотто, Индия/Великобритания, 2010, 98 мин.
Синопсис. Сампат Пал – «Күлгүн түстөгү сарилер» тобунун негиздөөчүсү. Бул топ аялдардын дискриминациялануусуна каршы күрөшүп келет. Сампат Пал өзүн индиялык аялдардын куткаруучусу катары таанытат.. Бул тасмада ал өзү жана башка активисттер кездештирген жубайларынан зордук зомбулук көргөн аялдар көрсөтүлгөн.

13.
«Аялсыз элет», реж. Сржан Серенак, Франция/Сербия, 2010, 83 мин.
Синопсис. Сербиянын Забрдье аттуу айылында сегиз гана киши жашайт. Алар бардыгы үй-бүлө кура элек эркектер. Зоран, Радо жана Драган аттуу бир туугандар эркек журналдарынан алынган айымдардын сүрөттөрү менен дубалдары чапталган үйдө жашашат. Алар үйдөгү иштерди аткарышып, кой багышат, бирок интернет эмне экендигин билишпейт. Ал айылда аялдардын жок болушу үчөөнө тең кыйын, алардын ичинен Зоран гана активдүү түрдө Сербияда өзүнө жубай издөөдө. Коңшу Албанияда аялдардын саны эркектердин санынан көп болгондуктан, ал жакка дүйнөдөгү эң сулуу айымды издөөгө барат.

14.
«Арак заводу», реж. Джерси Сладковски, Швеция, 2010, 90 мин.
Синопсис. «Мен сентименталдуу жана ошол эле учурда макоо адаммын», - дейт 22 жашар Валя, жалгыз бой эне. Ал арак заводунда иштейт жана апасы менен бирге Жигулевск шаарчасында жашайт. Бул жерде келечек жок жана арак ичүүдөн башка иш да жок. Ошол себептен баардык мырзалар деградация болуп кеткен. Валя болсо актрисанын карьерасы жөнүндө кыялданып, оор турмуштан качууда.

15.
«Экинчи «Челси» - Донецк шаарынан бир окуя», реж. Якоб Пройс, Германия, 2010, 88 мин.
Синопсис. Эгер сиз Украинанын Донецк шаарынан болсоңуз, сиз жергиликтуу Шахтер футбол клубунун күйөрманысыз жана «сары революция» - сиз үчүн эмес деп ишенимдүүлүк менен айтса болот. Бир да шаарда азыркы украин Президентинин жана Шахтердун күйөрманы Виктор Януковичтин «көгүлтүр оппозициясы» бул жердегидей күчтүү колдоого ээ болгон эмес. Тасма жумушсуздук жана коррупция өнүккөн, жергиликтүү миллиардер Ринат Ахметов курган зор футбол стадиону бар кедей шаарды чагылдырып, Шахтер клубунун Кубок УЕФАсындагы жеңиштүү жолун баяндайт. Алардын айтымы боюнча, футбол бул жөн гана оюн…

16.
«Салам регби», реж. Фарамарз Бехешти, Иран/Новая Зеландия, 2010, 62 мин.
Синопсис. Иран эркектери регби оюнунун тобун көрүшкөндө, топту коон же динозаврдын жумурткасы деп тамашалап атап коюшат. Аялдардын анын аркасынан тынбастан кубалай бергендиги алар үчүн түшүнүксүз. Консервативдүү президент Махмуд Ахмадинежад башында турган Аялдар спортунун ислам федерациясы аялдардын спортун коомдо жайылтуу боюнча ишин токтотуп койгон. Буга карабастан, Регби федерациясы ойноону каалаган аялдарга спорттун жеткиликтүү болушу үчүн колунан келген баардык иштерин жасап келишет. Бирок, алардын бул аракети тоскоолдуктарга учурайт.

17.
«Багдад кино мектеби», реж. Шучен Тан, Нидерланды, 2010, 60 мин.
Синопсис. 2003-ж. Саддам Хусейндин башкаруу режиминин төңкөрүлүүсү менен, даректүү тасманын тартуучусу Мэйсун Пачачи жана анын Ирактык кесиптеши Касим Абид Багдадда Кино Мектебин ачуу чечимин кабыл алышат. Бул мектеп, жакын жердеги бомба жардыруусунан кийин жабылат жана андан кийинки ачылуу аракети 2008-ж. гана болот. Ирактын борборунда тартылган бул тасма жаш жана алдына көп максаттарды койгон режиссёрлор катышкан сабактарынан жана окуучулардын жеке видео күндөлүгүнөн үзүндүлөрүн көрсөтөт. Бул тасма кооптуу жердин борборундагы чыныгы жашоону жана адамдардын өз бутуна туруп кетүү аракетин чагылдырат.
ΘЗГθЧθ ПРОГРАММА
Конкурстан тышкаркы көрсөтү
1.
«Манастын төрөлүшүн утурлап», реж. Нурбек Эген, продюсер Евгения Тирдатова, «Санжира» жана «Киноглаз», 2010, 87 мин
Нурбек Эген тасманын нагизги ою жөнүндө: « Кыргыз «Манас» эпосун изилдесеңиз, ал эпосто айтылган оор доордо Кыргыз элине Манаска окшогон батыр керек болгон. Эпосто айтылган окуялар, кыргыз элинин ошол замандагы өз ара ынтымаксыздыгы жана душмандар менен болгон согушун чагылдырган. Бул себептен, кыргыздар үй-бүлөлөрүн сактап калуу аракетинде Борбор Азия жана Урал Тоолорунун ар кайсыл жерлерине тарап кеткен. Кыргыз эли улуттук аң-сезимин ойгото турган, элди бириктирген жана өз мекенине алып келе турган жол башчысына муктаж болгон. Азыркы күндө Кыргыз эли доор алмашкан учурга туш келди жана Манастын доорундагыдай татаал тарыхый мезгилде жашап жатат. Кайрадан жаралуунун босогосунда экендигине ишенгибиз келет.Жакында жаңы Манастын төрөлөөрүнө терең ишенип жатам».
Режиссердун био/ фильмографиясы: Нурбек Эген, көптөгөн Эларалык Кинофестивальдардын жеңүүчүсү, эларалык ири кино жана теле долбоорлорду ишке ашырган белгилүү кыргыз режиссёру. ВГИКтин бүтүрүүчүсү, В. Хотиненконун окуучусу (2000). Тасмалары: «Санжыра» (2001), «Аталардын сандыгы» (2005), «Манастын төрөлүшүн утурлап» (2010). Россиянын Москва шаарында жашайт.

2.
«Байлык кетет – кедейчилик калат» реж.Мириям Леузе, Reichtum geht - Armut bleibt/Германия/2006/24 мин/
Синопсис. Өзүнүн жаратылыш кен-байлыгына карабастан, бүгүнкү күндө Перуда, элдин 54 пайызы, 26 млн. адам жакырчылыкта жашашат. Бүгүнкү күндө Перуда 250 рудник иштетилет. Мунун баардыгы бул жердин, региондун адамдары үчүн бир гана нерсени билдирет: суу жана жер сыяктуу негизги ресурстардын кен иштетүүдө колдонулган уулу заттар жана өнөр-жай процессинин калдыктары менен булганышы, жер менен сууну конфликтүү колдонууда келип чыккан социалдык проблемалар, мамлекет жана кең иштетүүчү компаниялар менен негизги укуктардын бузулуусу. Мындан тышкары тоо-кен иштетүүдөгү өнөр-жай долбоорлору башка экономикалык структураларга, мисалга алсак, айыл-чарбасына чоң коркунуч туудуруп жатат. Бул тасма эки мисал аркылуу Янакоча жана Майас алтын кен компаниясынын тегерегинде болуп жаткан проблемаларды көрсөтөт.

3.
«Алтындын баасы», реж. Мириям Леузе, Германия/2007/42 мин/
Синопсис. Синопсис: Өзүнүн жаратылыш кен-байлыгына карабастан, бүгүнкү күндө Перуда, элдин 54 пайызы, 26 млн. адам жакырчылыкта жашашат. Бүгүнкү күндө Перуда 250 рудник иштетилет. Мунун баардыгы бул жердин, региондун адамдары үчүн бир гана нерсени билдирет: суу жана жер сыяктуу негизги ресурстардын кен иштетүүдө колдонулган уулу заттар жана өнөр-жай процессинин калдыктары менен булганышы, жер менен сууну конфликтүү колдонууда келип чыккан социалдык проблемалар, мамлекет жана кең иштетүүчү компаниялар менен негизги укуктардын бузулуусу. Мындан тышкары тоо-кен иштетүүдөгү өнөр-жай долбоорлору башка экономикалык структураларга, мисалга алсак, айыл-чарбасына чоң коркунуч туудуруп жатат. Бул тасма эки мисал аркылуу Янакоча жана Майас алтын кен компаниясынын тегерегинде болуп жаткан проблемаларды көрсөтөт.
4.
«Алтын доору - эки жүздүү алтын бизнеси», реж. Ральф Веерман, Мирьям Леузе/Германия/2010/44 min/
Синопсис. Алтын – бул бардык адамдардын кыялы! Бул - стабилдүүлүк жана жакшы инвестициялоо. Алтын кеңин өндүрүү - абдан пайдалуу бизнес. Ал иш орундарын жаратат жана аймактагы калктын турмуш деңгээлин жогорулатат, бирок ал элге жакшылык алып келеби? Бул тасма медальдын аркы бетин ачат…
Био/ фильмография режиссера: Мирьям Леузе, Независимый журналист и режиссер документальных фильмов из Германии. Вместе с коллегой Ральфом Виерманом работает над проблемами экологии и прав человека в Европе, Латинской Америке, Центральной Азии и Африке. Она сняла несколько документальных фильмов для европейских телеканалов ARTE, WDR, Deutsche Welle и работает режиссером в некоторых НПО. Также Мирьям Леузе проходила подготовку по Культурной антропологии и один год проработала в Кыргызстане.