«Бир дүйнө... баарыбызга бир дүйнө» В. Гавел

«Бир Дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын V эл аралык фестивалы
27 сентябрь – 2 октябрь, 2011

«Бир Дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын бешинчи эл аралык фестивалынын жабылуу аземи салтанаттуу аяктап, фестивалдын жыйынтыктары чыгарылды.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү төмөнкүдөгүлөр болду:

Эл аралык конкурс:

Эларалык конкурстун Гран-При сыйлыгы Конголук продюсер Джо Тунда Ва Мунганын «Төрт тасмада Конгонун жашоосу» тасмасына ыйгарылды. Фестивалдын бул конкурстагы режиссёрдук байгеси Босниялык режиссёр Срдан Шаренацтын «Аялсыз Элет» тасмасына ыйгарылды. Калыстар тобунун атайын сыйлыгына Ким Лонгиноттонун «Күлгүн түстөгү сарилер» тасмасы ээ болду. Калыстар тобу даректүү тасмалардагы инновация үчүн сыйлыгы Али Самади Ахадинин «Жашыл толкун» тасмасына ыйгарылды.

Улуттук конкурс:

Улуттук конкурстун Гран-При байгесине Асель Жураеванын «Меккеге карай жол» аттуу тасмасы ээ болду (Кыргызфильм). «Фестивалдын ачылышы» номинациясында кызыктыруучу сыйлыгына «Доор Медиа»нын чыгарылышындагы режиссёр Дарья Сытенкованын «Ош жарым жылдан кийин» тасмасы ээ болду. «Озуп чыгуу» номинациясындагы кызыктыруучу сыйлыгы режиссёр КӨФнун өндүрүшүндөгү Нурлан Разакуловдун «Өтүкчү» тасмасына ыйгарылды.

Жаштар конкурсу:


Жаштар конкурсунун Гран-При сыйлыгына Сара Нессондун «Плакаттагы кыз» тасмасы ээ болду (АКШ). Калыстар тобунун атайын сыйлыгы Улуу Британиялык режиссёр Джеми Дорандын «Ооганстандын бийлеген балдары» тасмасына ыйгарылды. Бул номинациядагы эң мыкты кыргыз тасмасы «Тазар» студиясынын өндүрүлүшүндөгү режиссёрлор Нишана Жээналиева жана Актан Рыскелдиевдин «Куру Кыял» аттуу тасмасы болду.

«Эр жүрөктүк жана эркиндик үчүн күрөш» номинациясында сыйлык азыркы учурда абакта отурушкан укук коргоочулар: Азимжан Аскаровго (Кыргызстандык), Евгений Жовтиске (Казакстан) жана Алесь Беляцкийге (Беларус) ыйгарылды.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын V эл аралык фестивалы







Фестивалдын жыйынтыктары боюнча дипломдор жана байгелер ыйгарылды.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын V эл аралык фестивалы «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору тарабынан төмөнкүдөгү донорлорудун жана өнөктөштөрдүн колдоосунда уюштурулган.


Донорлор:
Европа Биримдиги
Хивос-Маданият
ОБСЕ
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги

Өнөктөштөрүбүз:

УВКПЧ;
КР Президентинин Аппараты
Билим Берүү жана илим министрлиги
Жаштар министрлиги
ЦАСКИ
КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Кинематография Агенттиги
"Айтыш"КФ
«Арыш» КБ
«Социум» КБ
«Эргене» КБ
«Эгль» КФ
«Древо жизни» АӨБ
«Белек» КБ
«Правовая перспектива» КФ
Талас областындагы Омбудсмандын институту
«Демилге» борбору
Балыкчы шаарыны Профсоюздук ишкерлердин комитети

 
Сайт Евросоюздун каржылык колдосу менен даярдалган